БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто медиа-устат Таиржан Турсуналиевдин элесине арналган спорттук мелдеш өтөт

Ошто медиа-устат Таиржан Турсуналиевдин элесине арналган спорттук мелдеш өтөт

Таиржан Турсуналиев

Ош шаарында жалпыга маалымдоо каражаттары арасында медиа-устат Таиржан Турсуналиевдин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш уюштурулат. Иш-чара 23-июнда Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде өтөт.

Мелдешке Ош шаары жана Ош облусунун аймагында иштеген медиа кызматкерлер катыша алат. Алар волейбол, футбол жана шашки боюнча күч сынашат. Турнирди өткөрүүнүн максаты - ЖМКлар ортосундагы достукту жана биримдикти бекемдөө. Жеңүүчүлөргө белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.  

Турсуналиевдин элесине арналган футбол турнири жыл сайын өткөрүлүп келет. 

Таиржан Турсуналиев "Интерньюс-Кыргызстан" уюмунун түштүк аймагы боюнча координатору кызматын аркалаган. Ош шаарындагы "Ынтымак" коомдук телерадиокомпаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири жана анын Байкоочу кеңешин жетектеп иштеген. Ал өз ишмердигинде Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн операторлорун окутуп, тажрыйба бөлүшкөн. Анын тарткан эмгектери телевизиондук классикага айланган. 

Турсуналиев 2014-жылы 52 жашында инфарктан улам көз жумган. Медиа-устаттын шакирттери анын элесин сактап жүрүү үчүн 2016-жылы "Таиржан Турсуналиев атындагы медиа мектеп" түптөшкөн. Учурда бүтүрүүчүлөрдүн басымдуусу медиа жаатында эмгектенишет. Ошондой эле Оштогу "Т-Медиа" телеканалы да Турсуналиевдин атын алып жүрөт.

2020-жылы "Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү да аймактык журналистиканын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн "Таиржан Турсуналиевдин элесине" деп аталган атайын сыйлык уюштурган. 

Таиржан Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 63 жашка чыкмак.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей