БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

24.kg басылмасынын башкы директору менен редакторун УКМК суракка алып кетти

24.kg басылмасынын башкы директору менен редакторун УКМК суракка алып кетти

Сүрөт: "Азаттык"

Бүгүн, 15-январда 24.kg редакциясынын башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери суракка алып кетишти. Бул тууралуу аталган басылма телеграм каналына жазды.

Маалыматка караганда, атайын кызматтын өкүлдөрү алардын кеңсесиндеги компютерледи алып кетишкен.

"Азаттык" Махинур Ниязова редакциянын кенсесиндеги тинтүү Украинадагы согуш тууралуу жарыяланган материалдардын бири боюнча козголгон кылмыш иши менен байланыштуу экенин айтып жаткан жазды. Агенттиктин кеңсеси жабылып, мөөр басылды. Ошондой эле компьютерлер да чыгарылып кеткени кабарланды.

Мурдараак басылманын кеңсесинде УКМК тинтүү жүргүзүп жатканы кабарланган. ал жака басылманын юристтерин жана адвокаттарын киргизбей жатканын билдиришкен.

УКМК бул боюнча комментарий бере элек. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей