БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

24.kg агенттигине "Согушту пропагандалоо" боюнча кылмыш иши козголду

24.kg  агенттигине "Согушту пропагандалоо" боюнча кылмыш иши козголду

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 24.kg агенттигине Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (Согушту пропагандалоо") боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Жүргүзүлгөн тинтүүдө компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынган.

Атайын кызмат кайсы материалдын негизинде иш козголуп жатканын тактаган жок. Учурда ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылды. 

Бүгүн, 15-январда түшкө жакын 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүрүп жатканы маалымдалган. УКМКнын кызматкерлери алгач эч кимди киргизбей, кийин басылманын жетекчилери менен алардын адвокаттарынын бир бөлүгүн ичкери алып киришкен. Андан соң башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы автоунаага отургузуп, алып кетишкен. Агенттиктин кеңсеси жабылып, мөөр басылды. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей