БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"24 миң доллар жоготтум". Ошто онлайн шылуундарга алдангандар көбөйдү

"24 миң доллар жоготтум".  Ошто онлайн шылуундарга алдангандар көбөйдү

Коллаж

200 миң сомдон 2 млн сомго чейин. Ошто мындай суммадагы каражаттарын онлайн шылуундарга алдырып жибергендер көбөйүүдө.

Атын атагысы келбеген каарманыбыз быйыл апрелде беделдүү компаниялардын акциясын сатып алып, "акчаңызды көбөйтүүгө жардам беребиз" деген шылуундарга жолуккан. Ал кокусунан эле жарнамалардын бирине арыз жиберип алган. Андан кийин ага "инвестициялык компанияданбыз" деп, чет өлкөлөлүк номерлер тынбай чала баштаган. 

"Официалдуу эле тил үйрөткөн Duolingo сайтынан жарнама келген. Утуру келгенинен билдирме жиберип койдум. Булар бир эле илешип калсаң жаныңды койбойт экен. Ар түрдүү жол менен кайырмагына илип алат. Кайра-кайра "маалымат алыңыз, сизден эч нерсе кетпейт" деп чалды. Маани бербесең да ынандырып коёт экен. "Инвестициялык-брокердик компания болобуз, Эл аралык компаниябыз, Швецарияда жайгашканбыз" деди. "Сиздерден акча керек, биз ортомчубуз" деп түшүндүрдү. "Акчаңызды иштетип беребиз, сиз киреше аласыз" деп "чоң-чоң Apple, Tesla, McDonald's сыяктуу компанияларда акцияларды сатып алып, спекуляция жолу менен пайда табасыз" деп түшүндүрдү. Аларга кандай пайдасы бар экенин сурасам "сиздин пайдаңыздан, акча чыгараарда 5-10% алып калабыз" деди. Ошентип, кызматташа баштадык".

"Психолог болушат экен"

Каарманыбызга белгисиз жарандар телеграмм, вотсап мессенжерлери аркылуу байланышка чыккан. Алар өздөрүн "Швейцарияда жайгашкан Main Capitals компаниясынын кызматкерлери" деп тааныштырган. Башында Мбанк тиркемесиндеги эсепке акча котортуп жүрүп, кийин телефонуна экран трансляция аркылуу доступ алып биржага каттаган.

"Аз суммадан баштайт экен. "Чоочутуп албайын" дейт окшойт. Биринчи "20 доллар, анан 80 доллар, эми 100 доллар кылыңыз" деп жатты. Өздөрү сатуу аккаунт ачып берет экен. Башында Мбанктан эле акча салып жаттым. Биздин банктардын системасын да өтө жакшы өздөштүрүптүр. Менден мурун "кайсы картаңыз бар? "Капитал банкпы", "Оптимабы", Мбанк аябай ыңгайлуу" деп жатты. Ошого "же биздин өлкөдөбү булар" деп да ойлоп жүрдүм. Бир эле Мбанк эмес "Байбит", "Бинанс" деген криптовалюта саткан тиркемелерден которуп иштейбиз деди. Ал жакка акча салганда видеозвонокту жандыртып, өздөрү коштоду. "Байбитке" кирип Мбанктан "Байбитке" котором, ал жакта кадимкидей сатуучулар отурат экен.  Ошол жерден мен өзүмдүн сомума электрондук доллар сатып алам. USDT деп коёт экен. Ошону алгандан кийин 10-15 мүнөттө сатуу аккаунтумду карасам акчам түшкөн болот. Баары орусча сүйлөгөн жарандар болчу. Бири менен видео чалууда сүйлөшкөм, орус бала болчу. Анда такыр күмөн санабаптырмын. Кайсы жаатта сүйлөсөң, баарын билет. "Билимдүү алдамчылар" десем болот".

Бул жарандар каарманыбызга MainTrader аттуу тиркемени жүктөп, ал жактан өзүнө аккаунт ачып, акчасын көзөмөлдөсө болорун айтышкан. Алгач аз-аздан салып, ал сумма виртуалдуу тиркемеде көбөйүп көрүнүп турган. Бирок чыгарып алайын дегенде улам жаңы шылтоо менен дагы көбүрөөк акча салууга үндөшкөн.

"Пайда түшкөндөй эле болот. Бирок чыгартпайт. "Тыйыныңыз аз, көбөйтүңүз, кооптуу операция болду минуска кирдиңиз" деп, анан стресс болуп жатканда "кокууй" деп кайра акча таап, насыя, карыздарга батып калат экенсиң да. "Акчам жок" десең "өнөктөш банктар бар, кредит алың, бир жумада төлөп коёсуз" дейт. Шок маалда эптеп үзүп алам да деп "макул" дейм. Кайра карызга кирем".

Ошентип отуруп ал 2 миллион сомго жакын жоготкон. Андан кийин акчаны чыгарып ала-албашын билип милицияга кайрылган.

"Окуп көрсөм чет өлкөлөрдө киберполиция деген бар экен. Сураштырсам бизде андай жок экен. "Ошто кибер бөлүм бар" дегенинен ушул жерге  (ред-Ош шаардык милициясына) арыз жаздык. Жалпы 24 миң доллар жоготтум. Апрелдин башында кошулгам. Бир айдан өтүп түшүндүм. Акчаны такыр чыгартпайт. "Салык төлө, камсыздандырууга төлө" дейт. Аларды төлөйсүң, такыр чыкпайт. Ошондуктан мен элге эскертким келет. Ишенбеңиздер. Азыр мындай шылуундардын түрү көп экен. Биз каржылык сабаттуулукту окушубуз керек". 

"Онлайн шылуундуктун түрү көбөйдү"

Учурда ишти Ош шаардык милициясы териштирип жатат. Бирок алар шылуундардын изин таба элек. Мекеменин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кылмыштардын бетин ачуу бөлүмчөсүнүн башчысы Чыңгыз Кутмамат уулу соңку күндөрү мындай шылуундук өтө көбөйгөнүн айтат.

"Кибер технологияны колдонуу менен алдамчылык фактылары көбөйүп жатат. Мындай кылмыштын бетин ачууда бир аз тоскоолдуктар бар. Ошондуктан Ош шаарынын тургундарынан суранып кетет элем. Азыркы учурда телеграмм, вотсап өңдүү мессенджер, социалдык тармактардын баарынан белгисиз номерлерден шилтемелер келип жатат. Шилтемеге киргенден кийин картада акчаларын жоготуп койгон учурлар көп болуп жатат. Инвестиция кылып акчасын көбөйтүп берем деген учурлар көп болуп жатат".

"Мain Capitals компаниясынын күмөндүү аккаунту

Каарманыбыз айтып берген Main Capitals компаниясынын атайын сайты бар. "Инстаграм" аккаунтунда посттору 20-40 миң жактыруу топтоп, 300-500 комментарий жазылган. Бирок анда жасалма чогултулган жактыруу жана пикирлердин белгилери байкалат.

Арасында алар шылуундар экенин эскерткен бирин-серин гана комментарийлерди көрүүгө болот.

 

Анын үстүнө бул көп жылдан бери иштеген компания эмес. MainTrader тиркемеси 2023-жылдын октябрынан жүктөөгө жеткиликтүү болгон. Аккаунтунда посттор да ошол эле жылы апрелде жарыялана баштаган.

Кызыгы компаниянын сайты менен таанышып жатып, алар "биздин команда" деп жүктөгөн кесиптештеринин сүрөтүн башка сайттан да таптык.

Ушул эле сүрөттөгү адамдар каржыны пландап, пенсия жашына чейин туура инвестиция кылып, акча топтоого кеңеш берген First Financial компаниясынын сайтында турат. Мекеме аларды команда мүчөлөрү катары жарыялаган.

Бул сайтта сүрөттөгү кызматкерлер жөнүндө кененирээк маалымат бар. Ар бирине токтолуп жазылган.

First Financial компаниясынын баракчаларында көп жылдан бери финансылык кеңеш берген маалыматтар жарыяланган. Арасында шылуундардан сак болуу тууралуу эскертүүлөр, видео сабактар бар. Бирок бул эки компанияны бири-бири менен байланыштырган маалымат дээрлик жок. Мунун баарын эске алганда "Main Capitals сайтында башка эле компаниянын кызматкерлеринин сүрөтү жайгаштырылган" деген тыянак кылсак болот. 

Сизге да күмөндүү адамдар байланышка чыгып, акча көбөйтүп берүүнү сунуштаса, алгач алардын баракчаларын, сайттарын карап чыгыңыз. Биздин каарман да башында бул маалыматтардын баарын текшерген эмес. Азыр акчасын кайтарып алуу үчүн милицияга гана ишеним артып отурат. Бирок милиция банктардан акча которулган эсептерди текшерүүгө өтүнмө жөнөтүп, ага уруксат берилгенче айлап убакыт өтүп кетет. 

Милициянын маалымдашынча, мындай шылуундук менен которулган акчалар ортодо карапайым эле жарандардын эсебине түшүүдө. Мисалы, сизге интернеттен онлайн жумуш сунуштап кайрылышат. Макул болсоңуз, акча которулат 5-10%ын алып калып, "калганын башка эсепке которуп коёсуз" дейт. Дал ошол сизге түшүп, эсептен-эсепке которулуп жаткан акчалар шылуундук менен алынган болот. Укук коргоо органдары анын баарын териштирип, таап чыгышына көп убакыт жана күч сарпташы керек. 

"Азыр мындай кылмыштардын бетин ачууда жетекчилик тараптан колдон келишинче аракеттер көрүп, заманбап технологиялардын таасириндеги кылмыштардын бетин ачууга аракеттерибиз күчтүү". Бирок ошентсе да бул көйгөйлүү маселе болуп турат. Аны өзүңүздөр билесиздер. Биз эми тиешелүү жактарга, өзүбүздүн жетекчиликке кайрылдык. Керектүү шаймандар менен камсыздап берсе ошого карап жакшы иштерди аткарабыз деп үмүттөндүрөбүз", -дейт Чыңгыз Кутмамат уулу.

Биздин редакцияга күмөндүү аккаунттардын торуна түшүп, карызга баткан дагы бир жаран окуясын айтып берген. Шылуундар анын атына банктардан 200 миң сом насыя алышкан. Аны биз кийинки материалда баяндап беребиз. 

Жыйынтык: жарандарга миллиондогон акчасын инвестиция кылам деп алдап жаткан Main Capitals компаниясы күмөндүү. Сайтындагы командасынын сүрөтү башка эле компанияга таандык.  

Автор: Анарбаева Наргиза > 140 статей