БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

24.kg басылмасынын башкы директору Асел Оторбаева Ташиевге кайрылды

24.kg басылмасынын башкы директору Асел Оторбаева Ташиевге кайрылды

Сүрөт: "Азаттык" 24.kg басылмасынын имараты

1-февралда 24.kg басылмасынын башкы директору Асел Оторбаева редакциянын тегергинде болуп жаткан кырдаалга байланыштуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады. 

Анда Оторбаева Ташиевден журналисттердин кеңсеге кирүүсүнө уруксат берүүнү, мөөр менен штамптарды кайтарып берүү маселесин карап чыгууну суранган. Мындан сырткары басылманын директору кызматкерлери аралыктан иштөөгө аргасыз болуп жатканын, бирок айрымдарынын үйдөн толук кандуу иштөөгө шарты жок экенин айтты. 

"Кеңсенин мөөр басылып жабылышы журналисттердин өз милдетин жумуш орундарынан башка жерде толук кандуу аткаруусуна чоң таасирин тийгизип жатат. Редакцияны имаратка киргизбей коюу кызматкерлердин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерин аткарбай калуусуна коркунуч жаратат",- деп жазды ал. 

15-январда УКМКнын кызматкерлери 24.kg маалыматтык агенттигинин Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникаларын алып, кеңсесине мөөр басып кетишкен. Атайын кызматтагылар алгач эч кимди киргизбей, кийин басылманын жетекчилери менен алардын адвокаттарынын бир бөлүгүн ичкери алып киришкен. Андан соң башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы алып кетип суракка алышкан.  

Андан кийин атайын кызмат 24.kg агенттигине Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (Согушту пропагандалоо") боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Жүргүзүлгөн тинтүүдө компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынган. 

Буга чейин да Асел Оторбаева УКМКга кайрылган. Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей