БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

24.kg басылмасынын ээси алмашып, башкы редактору иштен кетти

24.kg басылмасынын ээси алмашып, башкы редактору иштен кетти

24.kg

24.kg басылмасы кайра каттоодон өтүп, негиздөөчүсү жана директору журналист Гүлжан Шерипбаева болду. Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка ылайык, агенттик 15-мартта кайра каттоодон өткөн. 

Гүлжан Шерипбаева "Т-Медиага" басылмага эч кандай тиешеси жана кабары жок экенин билдирди.

"Ал жакка башка адам дайындалат. Эки-үч күндө силер тааныган эле журналист келет. Юстиция министрлигинин сайты жаңылана элек окшойт. Менин эч кандай тиешем жок", -деди Шерипбаева.

Мындан сырткары басылманын башкы редактору Махинур Ниязова да иштен кетти. Бул тууралуу ал өзү "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. 

 

Эске салсак, 15-январда УКМКнын кызматкерлери 24.kg маалыматтык агенттигинин Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникаларын алып, кеңсесине мөөр басып кетишкен. Атайын кызматтагылар алгач эч кимди киргизбей, кийин басылманын жетекчилери менен алардын адвокаттарынын бир бөлүгүн ичкери алып киришкен. Андан соң башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы алып кетип суракка алышкан.  

Андан кийин атайын кызмат 24.kg агенттигине Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (Согушту пропагандалоо") боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Жүргүзүлгөн тинтүүдө компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынган. Буга чейин Асел Оторбаева УКМКга кайрылган. Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

"Nazar News" басылмасынын ээси Гулжан Шерипбаеваны былтыр ноябрда УКМК кармап, ага Кылмыш жаза кодексинин "расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козгоо" беренеси боюнча айып тагылган. 2023-жылдын 20-ноябрында үй камагына чыгарылган. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей