БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эки округдагы кайра шайлоого дээрлик 24 млн сом бөлүү каралууда

Эки округдагы кайра шайлоого дээрлик 24 млн сом бөлүү каралууда

Интернеттен алынды

Кара-Суу жана Баткендеги бир мандаттуу округдарда 28-апрелде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ага 23 млн 934 миң сом каралды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 5-мартындагы жыйынында айтылды.

Ага ылайык, Баткенге 6 млн 797 миң, ал эми Кара-Сууга 5 млн 58 миң сом бөлүнөт. 

Аталган округдарда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген Жогорку Кеңештин депутаттары Нурлан Ражабалиев менен Искендер Матраимовдун ордуна эл өкүлү шайланат. 

Матраимов 2021-жылдагы шайлоодо Кара-Суу районунан, Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген. 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы аларды мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыраткан. 

Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. Ал эми Нурлан Ражабалиев мурда Бажы кызматынын башчысынын орун басары болгон. 2021-жылы 27-январда "Коррупция" беренеси боюнча соттолгон. Ага Райымбек Матраимовдун коррупция боюнча ишинде айып тагылып, чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 млн сом, андан кийин сот чечимине ылайык 260 миң сом төгүп берген. 

Бул ишке байланышы бар делип, Абдыбахаб Боронбаев 8 млн сом төлөгөн. Ал да 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган болчу.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей