БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев 39 жашында кайтыш болду

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев 39 жашында кайтыш болду

Сүрөт: Акыйкатчы институту

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев 39 жашында бүгүн, 31-декабрда мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Айтиев Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде кайтыш болгон. 

Шухрат Айтиев Акыйкатчынын орун басары болуп, 2023-жылы июнь айында дайындалган. Буга чейин Жалал-Абад областынын журналистика борборунун директору, Жогорку Кеңешинде сектор башчысы ошондой эле, Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин директору болуп эмгектенген. 
39 жашында кайтыш болгон, Шухрат Айтиевдин артында жубайы эки уул жана эки кызы калды. 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана Акыйкатчы институтунун жалпы жамааты Шухрат Айтиевдин жакындарына жана үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт. Ал мыкты юрист катары адам укуктарынын корголушуна чоң салымын кошуп кетти”,-деп жазылган маалыматта. 

 

Шухрат Айтиев 1984-жылы туулган. 2018-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «юрист» адистиги боюнча бүтүргөн.

Маркумду жерге берүү тажиясы эртең, 1-январда саат 13.30да Жалал-Абад шаарында болот. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей