БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Үч пайызы Кара-Балтадагы спирт болсо керек". Депутат Кыргызстан 97% дарыны сырттан ташып жатканын сындады

"Үч пайызы Кара-Балтадагы спирт болсо керек". Депутат Кыргызстан 97% дарыны сырттан ташып жатканын сындады

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандагы дары-дармектин 97 пайызы сырттан алып келинет. Бул тууралуу Салматтык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. 

Жыйында депутат Жусупбек Коргонбай уулу өлкөдө дары өндүргөн заводдорго көңүл бурулбай жатканын сындаган. 

"Бизде убагында дары-дармек чыгарчу заводдор бар эле. Ошол фабрикалар эмне болгон? Биз бир "Аналгин" чыгара алабызбы? Медициналык кол капты, марли, пахтаны Өзбекстандан, Индия, Уркаина, Пакистандан дары-дармек алып келесиңер. Болгон 3 пайызыңыз биздеги Кара-Балтадагы спирт болсо керек. Калган дары-дармектин баарын импорттоп жатасыз"- деди депутат. 

Ага жооп кылып, министр Бейшеналиев Кыргызстандагы заводдор дары-дармек өндүрүүнү жанданта баштаганын билдирди. 

"Мен биздин өндүрүүчүлөр менен жолуктум. Бир жыл ичинде 97%дан азайып калат. Азыр жумуш жүрүп жатыптыр. Алар каражат жок токтоп калган. Азыр аз пайыз менен насыя алышып, иш алып барып жатышат" - деди Бейшеналиев.

 

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей