БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Сууда зордукталды делген наристенин айылдаштары чогулуш өткөрдү

Кара-Сууда зордукталды делген наристенин айылдаштары чогулуш өткөрдү

Сүрөт: t-media

Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылында беш жашар кыз сексуалдык ыдык көрдү деп айтылып жаткан окуяга байланыштуу 16-апрелде айылдагы маданият үйүнө 100гө чукул тургун жыйналды. Алар "аймактык милиция окуядан кабардар болсо да, кеч аракет кылган" деп нааразы болушууда. Ошондой эле алар кылмышты дыкат иликтөөнү жана шектүүнү жазалоону талап кылышты. 

"Жарым сааттай чалууга жооп беришкен жок. Чакырдык, эч ким келген жок. Милиция кызматкерлери оперативдүү иш алып барган жок. Кара-Суу райондук милициясында түнкү саат бирге чейин (ред-16-апрелге караган түнү) жүрдүк. Экспертизага түштөн кийин саат үчтөрдө алып барды"- дейт айыл тургуну Эрнис Сарыков. 

Жабырлануучунун атасы Нурланбек Абдурахмановдун айтымында, алар 15-апрель күнү таңкы саат алтылар чамасында кызынын үйдө жок экенин билип ызы-чуу түшкөн. Окуяны көрүп калган досу менен айылды кыдырып кызды табышкан. 

"Кызымды жаткан жеринен көтөрүп кетиптир. Бутунда эч нерсе жок. Жука көйнөгү менен алып чыгып кеткен. Кызымды уурдап, ыплас аракетке барганы үчүн камалсын. Кызымды айыктырып берсин. Башына эки жолу уруптур. Чекеси көгөрүп калган".

Окуя Отуз-Адыр айылында 15-апрель күнү эртең менен болгон. Күбөлөрдүн бири Эрнис Сарыков буларды айтып берди:

"Үйдө отурсам эшик такылдап калды. Чыксам ал (ред-шектүү) "машинам жүрбөй калды" деди. Макул болуп жип алып чыктым. Машинага барсам аяш кызым туруптур. Бутунда шымы жок. "Тойдон келе жатам, менин кызым" деп айтты. Мен күмөнсүрөп, ошол жерде туруп туруусун суранып досума барсам, алар ызы-чуу болуп жүрүшүптүр. Анан келип кармап, жип менен байлап милицияга алып бардык".

Ош облустук милдициясы окуя тууралуу билдирүү түшөрү менен ыкчам тергөө бөлүмү барганга чейин аймактык тескөөчүлөр жетип барышканын айтууда. Шектүү катары Ош облусунун 31 жаштагы тургуну кармалган. Милиция бул факты боюнча "Адам уурдоо" жана "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренеси менен иш козгоп, кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Шектүү учурда милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген. 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 47 статей