БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
5000 сомдук банкнота жаңыланып жүгүртүүгө чыкты
Кыргызстанда 10-майдан тарта 5000 сомдук банкноталар жаңы үлгүдө жүгүртүүгө чыкты. Анын дизайны жана өлчөмү өзгөргөн эмес, кошумча коргоо элементтери гана кошулду.
Жаңы купюраларда мурдагыдай эле алдыңкы бетинде кыргыздын залкар инсаны, актёр жана сүрөтчү Сүймөнкүл Чокморовдун портрети, арткы бетинде "Ала-Тоо" кинотеатрынын имараты тартылган.
Жасалма акча жасоодон коргоо үчүн кошулган элементтер:
1. Купюрада үзүк тилке бар. Жарыкка салып караганда толук тилке (үзгүлтүксүз) болуп чагылдырылат;
2. Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттерин жарыкка салып караганда ромб формасын түзөт;
3. Банкнотту кол менен сыдырып көрсөңүз анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезесиз;
4. Банкнотту жантайыңкы карасаңыз көп түстүү сом белгиси – С пайда болот;
5. Банкнотту жантайыңкы караганда көлөмдүү шакектер көрүнүп, оюулардын (орнамент) түсү алтындан жашыл түскө өзгөрөт;
Мындан башка да бир нече коргоо элементтери бар. Жаңы банкноталар колдонууга чыккан. Эски купюралар мурдагыдай эле кабыл алына берет.
15-февралда 20, 50, 100 сомдук банкноттор да жаңыланып жүгүртүүгө чыккан.
Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat