БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

558 курулуш компаниянын лицензиясы убактылуу токтотулду

558 курулуш компаниянын лицензиясы убактылуу токтотулду

Сүрөт: "АКИpress"

Өлкөдө 558 курулуш компаниясынын лицензиясы 90 күндүк мөөнөткө убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди

Эми компаниялар лицензия алуу үчүн тиешелүү документтерди даярдап, мамкурулушка кайрылышы керек. 90 күн ичинде арыз түшпөсө, бул лицензиялар жокко чыгарылат. Мындай чаралар өкмөттүн былтыр декабрда бекиткен "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" жаңы жобосунун негизинде көрүлүп жатат. 

Лицензиясы убактылуу токтотулган компаниялардын тизмеси

Мекеменин маалыматына караганда өлкөдө жалпы жети миңдей курулушка тиешелүү лицензия берилген. Анын  ушул тапта эки миңдейи гана иштеп жатат.

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей