БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
62 адам Жумгалда ата-баланы жана Нарында дарыяга секирген кызды издеп жатат
Бүгүн, 9-ноябрда Жумгалда жайлоодо жоголгон ата-баланы издөөгө Өзгөчө кырдалдаар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ал эми Нарын дарыясына секирген делген өспүрүм кызды издөөгө 15 куткаруучу, 20 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 3 адам тартылган.
Жумгалда мал кайтарганы жайлоого кеткен ата-бала 16-октябрдан бери дайынсыз. Ал эми, Нарын шаарында 2-ноябрдан бери 17 жаштагы өспүрүм кыз изделип жатат. Ал Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына секирип кеткендиги айтылган.
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat