БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
8-март тууралуу сегиз факты
"Т-Медиа" 8-мартка карата сегиз фактыны чогултту.
Көптөгөн өлкөлөрдө 8-март - Аялдардын эл аралык күнү катары белгиленет. Маанилүү күндү белгилөө алгач айымдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган. Кыргызстанда бул дата аялдардын майрамы катары массалык түрдө белгиленип жүрөт.
1-факты. Эмне үчүн 8-март?
Бул майрам биринчи жолу АКШда 1909-жылдын 28-февралында белгиленген. Кийин 1913-жылга чейин февраль айынын акыркы жекшембисинде белгиленип келген. Ал эми расмий түрдө эл аралык аялдар күнү 1914-жылы 8-мартта өткөрүлгөн. Анткени дата көпчүлүк аялдар иштебей турган жекшемби күнгө туш келип, жүрүштөргө жана башка иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк болгон. 8-март майрамы СССРде алгач 1917-жылы расмий белгиленген.
2-факты. Айрым өлкөлөрдө бул дата башка майрамдар менен дал келет
Сирияда бул күн мамлекеттик майрам катары белгиленет. 8-мартта Сириянын шаарларынын көчөлөрүндө жана аянттарда президент Асадды колдогон миңдеген митингдер жана демонстрациялар уюштурулат.
Ал эми Замбияда болсо бул дата Жаштар күнү, Малайзияда Султан күнү, Либерияда – Согушта курман болгондорду эскерүү күнү деп айтылат.
Индияда 8-март Холи же Боёктор майрамы деп белгиленет. Өлкөдө майрамдык от жагылып, бийлеп, ырдап, боёлгон сууларды бири бирине чачышып ойношот.
3-факт. Аял учкуч учак башкарууга лицензия алган
Бул күнү Аэронавтика эл аралык федерациясы биринчи жолу аял учкучка лицензия берген. Ал франциялык Элиз де Марош. Ал убакта аялдар күнү расмий майрам болгон эмес.
4-факт. Аялдарга арналган дагы башка даталар
Энелер күнү - коомдогу энелердин ролуна арналган, кеңири белгиленген майрам. Дүйнөнүн 40тай өлкөсүндө майрам майдын экинчи жекшембисинде белгиленип жүрөт. АКШда Энелер күнү 1914-жылдан бери улуттук майрамга айланган.
15-октябрь - Элеттик аялдардын эл аралык күнү. Бул майрам Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын чечими менен 2007-жылдан тарта белгилене баштаган.
Арменияда 7-апрелди Энелер жана сулуулук күнү катары майрамдашат. 1990-жылдардан өлкө эгемендүүлүккө жеткенден кийин 8-мартты мамлекеттик майрамдардын катарынан чийип, анын ордуна Энелер күнүн киргизүү идеясы болгон. Жыйынтыгында армяндар азыр эки майрамды тең белгилейт.
23-июнь - Инженердик тармактагы аялдардын эл аралык күнү. Бул дата 2014-жылы Британиядагы инженер-аялдар коому тарабынан негизделген. 2016-жылы ЮНЕСКО тарабанын таанылып, кийин эл аралык майрам катары белгилене баштаган.
5-факт. 8-март жана гүлдөр
СССРде 8-марттын негизги гүл символу - мимоза гүлү болгон. Ал эми азыр Кыргызстанда дүкөндөрдөн көбүнчө жоогазын, роза жана гвоздика гүлдөрүн белекке сатып алып жатканын көрүүгө болот.
Бул күнү Орусияда эркектер аялдарды куттуктап, аларга мимоза, лилия, жоогазын жана башка жаз гүлдөрүн тартуулашат.
8-мартта вьетнамдык аялдар эркектерден роза гүлдөрүнөн букеттерди, каалоо-тилектер жазылган карточкаларды алышат.
Жапонияда мырзалар аялдарга ак жана сары гүл тартуулайт. Алар ак гүл тазалыкты, сый-урматты, ал эми сары гүл достукту, ден соолукту билдирет деп ишенишет.
6-факты. Аялдардын майрамы байыркы Римде белгиленчү
Аялдар күнүн белгилөө байыркы Римден бери келе жаткан салтка кирет. Рим шаарында бул датада үй-үлөлүү аялдар күйөөлөрүнөн белек алып, тиричилик түйшүгүнөн аз да болсо узакташкан экен. Ал эми күндөр бул күнү эс алышкан.
7-факты. Эл аралык аялдар күнүнүн логотиби да бар
Эл аралык аялдар күнүнүн логотиби жебе жана аял символу (Венера белгиси) менен илмектелген тегерек.
8-факты. Мырзалардын да эл аралык күнү бар
Сексенден ашуун өлкөдө 18-ноябрь мырзалар күнү деп белгиленет. Бирок Бириккен Улуттар Уюмунунда ал атайын дата катары каралган эмес. Бул күндү белгилөөдөгү негизги басымды эркектердин саламаттыгына жана үй-бүлөдөгү ордуна жасашкан. Ал эми Кыргызстанда 23-февраль Ата-мекенди коргоочулар күнүнө карата мырзалардын майрамы катары белгиленип келет.
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat