БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров өлкөдө салык, бажы системалары мызамдуу жолго түшкөнүн билдирди

Садыр Жапаров өлкөдө салык, бажы системалары мызамдуу жолго түшкөнүн билдирди

Садыр Жапаров

Бул тууралуу президент бүгүн, 31-августта Бишкектин Ала-Тоо аянтында эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү салтанатында билдирди. Ошондой эле ал өлкөнүн ар тараптуу өнүүгүсү кыйла ыкчамдаганынын белгилейт. 

"Мектеп, оорукана сыяктуу социалдык курулуштар четинен кулачын жая баштады. Ошону менен катар, армиясынын күжүрмөндүүлүгүн тиешелүү деңгээлге көтөрө алдык. Бул бир жагынан мамлекет тарабынан жасала турган көндүм көрүнүш дегенибиз менен, ондогон жылдар бою чечилбей жыйылып келген көйгөйлөр экенин унутпашыбыз кажет. Өткөн жылы өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 1,2 триллион сомдон ашса, быйыл 7 айдын ичинде ИДПнын көлөмү 677 млрд сомду түзүп, экономикабыздын өсүү темпи 8,7 пайызды көрсөтүүдө. Жыл соңунда консолидациялык бюджетибиз 660 млрд сомдон ашат деп турабыз. Ошентип, биз реалдуу секторду камсыздоого жетиштик. Натыйжада Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетке айланып, эл аралык айдыңда атаандаштыкка туруштук берүүдө өз ордун таба алды".

Мындан сырткары президент авторитардык башкарууга жол бербей турганын кошумчалаган.

"Демократия менен мамлекет башкаруунун, рынок менен мамлекеттик жөнгө салуунун ортосунда акылга сыярлык тең салмакты табууга жетишүү, башка бирөөлөрдүн эрежеси менен жашоодон баш тартуу жана улуттук кызыкчылыктарга кам көрүү – бул авторитаризм эмес. Бул – биз бүгүн чыңдап жаткан эгемен мамлекеттин пайдубалы. Эгемен мамлекет – бул биринчи кезекте өз жарандарынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга жөндөмдүү күчтүү мамлекет болуп саналат. Мына ошондуктан, ар тараптуу коопсуздукту камсыз кылуу биз үчүн дагы эң биринчи кезектеги маселе. Биз буга терең маани беребиз.", -деди Садыр Жапаров. 

Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 33 жылдыгы белгиленүүдө. Бул маанилүү күнгө карата өлкөнүн бардык аймактарында жыл сайын боло келген майрамдык иш-чаралар өтүүдө. 

Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей