БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Абхазиядан келген унааларды мыйзамдаштыруу сунушталды

Абхазиядан келген унааларды мыйзамдаштыруу сунушталды

Интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Абхазиядан буга чейин кирген унааларды мыйзамдаштырып берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүнкү, 11-декабрдагы жыйынында айтты. 

"Эми алар (ред-айдоочулар) темир кылып тапшыра албагандан кийин. Аябай көп адам кайрылып жатат да. 20-30 миңден айып пулун төлөтүп туруп, "мындан ары бир да унаа кирбесин" деп мыйзамдаштырып бербейлиби". 

Бул маселе Жогорку Кеңеште бир нече ирет көтөрүлүп, мунапыс берүү сунушу киргизилген болчу. 

Буга чейин ИИМге караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды чет өлкөлүк номурлуу унааларды сатып алууда сак болууну эскерткен. Мекеме соңку учурда Армениядан, Абхазиядан жана Орусиядан унааларды тетик катары Кыргызстанга алып келип, бул жактан чогултуп унаа катары саткан учурлар бар экенин айткан. Мындайда унаалар чек арадан, бажыдан каттоодон өтпөй, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөрү чет өлкөдөн жасалып турганы да жазылган. Министрлик чет өлкөлүк номурлуу унааларды иретке келтирүү максатында Салык кызматы жана Унаа мамлекеттик агенттиги менен жакынкы күндөрү рейддер башталарын кошумчалаган.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия сыяктуу өлкөлөрдөн оң рулдуу машинелер кирип жатат.

Кыргызстандагы абхаз номуру менен жүргөн автоунаалардын ээлери машинасын өзүнө каттатып, башка бирөөгө сатып же болбосо убактылуу айдап турууга да бере албайт. Анткени Абхазиядан келген машинелер ЕАЭБдин товары болуп эсептелбейт. Бул өлкөнү өзүнчө мамлекет катары дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан да тааныган эмес.

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала