БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Абитуриенттерге кыргыз тилинен тест тапшыруу акысы 200 сом деп белгиленди

Абитуриенттерге кыргыз тилинен тест тапшыруу акысы 200 сом деп белгиленди

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз тили боюнча милдеттүү тесттин баасы 200 сомду түздү. Аталган сынак быйыл алгачкы ирет милдеттүү түрдө киргизилип жатат. Бул тууралуу 1-мартта Билим берүүнү баалоо окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдириди.

Сынак Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) менен кошо бирдей убакытта өткөрүлөт. Учурда тесттин суроолору даярдалууда. Негизгиси лексика, грамматика бөлүмдөрүнөн турат. ЖРТнын форматына ылайык келген суроолор берилип, туура жооптун 4 варианты сунушталат.

Буга чейин Билим берүү министрлиги өлкөдө мындан ары жогорку окуу жайларга тапшырган абитуриенттер кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тест тапшырарын маалымдаган. Мындап талап бардык окуу жайларга тиешелүү. Эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча тест тапшырбаса, анда жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыгы берилбейт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей