БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Абшыр-Атада 1300дөн ашык адам эвакуацияланды

Абшыр-Атада 1300дөн ашык адам эвакуацияланды

Сүрөт ӨКМ маалымат кызматынан алынды

Ноокатта Абшыр-Ата эс алуу жайынан 1300дөн ашуун эс алуучу эвакуацияланды. Тик учак эки каттам менен 12 адамды алып келди. 

Жарандар жеринде медицина кароодон өтүп, үйүнө жеткирилип жатат. Бул куткарылгандардын арасында жабыркагандары жок.

28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн. Табигый кырсыкта каза болгон алты адамдын сөөгү табылды. Аларды сел тапчанда отурган жерден агызып кеткен.

Селдин кесепетинен 33 турак үйдүн, бир бала бакчанын короосун сел каптап, анын ичинен жети турак үйдүн ичине сел кирген. Жолдор бузулуп көпүрө, унааларды агызган. Ноокаттагы Абшыр-Ата эс алуу жайында суунун аркы бетинде болжол менен 1300 адам, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калганы айтылып, куткаруучулар жолдон 30 адамды табышкан.

29-июнда Абшыр-Ата эс алуу жайында 42 куткаруучу селден кийин калып кеткен жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүздү. Куткаруучулардын дагы 13ү Кезарт жайлоосуна чыккан.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей