БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Абшыр-Атада селде калып калган жарандар эвакуацияланып жатат

Абшыр-Атада селде калып калган жарандар эвакуацияланып жатат

Сүрөт ӨКМ маалымат кызматынан алынды

Ош облусундагы Абшыр-Ата эс алуу жайында 42 куткаруучу селден кийин калып кеткен жарандарды эвакуациялап жатат. Куткаруучулардын дагы 13ү Кезарт жайлоосуна чыгып кетишти. 

Учурда Ноокатта селдин кесепеттерин жоюу, изилдөө иштери уланып жатат. Жеринде жалпысынан 124 куткаруучу иштөөдө.

Кечээ, 28-июнда Абшыр-Атада суунун аркы бетинде болжол менен 1300 адам, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калганы айтылып, куткаруучулар жолдон 30 адамды табышкан.

28-июнда Ноокатта сел жүргөн. ӨКМ табигый кырсыкта каза болгон төрт адамдын сөөгү табылганын тастыктады. Дагы эки кишинин дайыны чыкпай жатат.

Селдин кесепетинен 33 турак үйдүн, бир бала бакчанын короосун сел каптап, анын ичинен жети турак үйдүн ичине сел кирген. Жолдор бузулуп көпүрө, унааларды агызган. Саат 00:30да Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 64-чакырымы толугу менен ачылган.

Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала