БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ачкачылык кармап жаткан Султанбеков президенттен адилеттүүлүктү суранды

Ачкачылык кармап жаткан Султанбеков президенттен адилеттүүлүктү суранды

Сүрөт: kyrtag.kg

23-ноябрда, СИЗО-1де камакта жаткан “Социал-демократтар” партиясынын лидери, Темирлан Султанбеков президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогонун Facebook баракчасына жарыялады. Ал өлкө башчыдан конституциялык укуктарды коргоону өтүнгөн жана шайлоодо акыйкатсыздык болгонун айткан. 

Катта Султанбеков өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымдарын жана өзүнүн саясий ишмердигинин максатын айтып, президенттен калыстык жана туура чечимдерди кабыл алууну суранган. Анын айтымында, Социал-демократтар партиясы оппозиция катары таанылса да, конструктивдүү позицияны карманып, өлкөдөгү бир катар маанилүү демилгелерди колдоп келген.

«Мен сизге душман эмесмин, мени душманга айлантпаңыз. Сиз калыс болуңуз!» – деп жазган ал катта. Ошондой эле партиянын ишмердүүлүгүнө токтолуп: «Биз партиянын чыныгы максатын көрсөттүк: өлкөнү өнүктүрүү, социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүү. Биз бийликти сындаганыбыз менен, ар дайым сын конструктивдүү мүнөздө болуп келген», – деп белгилеген.

Шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу

Султанбеков шайлоо өнөктүгү учурунда болгон айрым мыйзам бузууларга көңүл буруп, өзүнүн жана партиясынын аракеттери мыйзамдуу болгонун баса белгиледи. 

 «Биз бардык чыгымдарыбызды расмий каттадык. Бизде 15 000 сом тууралуу сөз болгондо, бул каражат мыйзамдуу түрдө агитаторлордун эмгек акысы катары көрсөтүлгөн. Бирок бизди мыйзамсыз айыптоолорго дуушар кылышты».

Ошондой эле ал башка партиялардын административдик ресурстарды колдонуу фактылары боюнча далилдер сунушталганына карабастан, бул боюнча тиешелүү чаралар көрүлбөгөнүн айтты.

Каттын соңунда Султанбеков Садыр Жапаровду адилеттүүлүк көрсөтүү менен калыстыкты сактоого чакырган. 

«Мен мыйзамдуулугумду далилдөө үчүн полиграф текшерүүдөн өтүүгө даярмын. Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошуубуз керек», – деп белгиледи ал.

Темирлан Султанбеков 10 күндөн бери ачкачылык кармап жатканын анын адвокаты билдирди. Адвокаттын айтымында, Султанбековдун ден соолугу начарлап жатат. Денк температурасы 36 градуска чейин төмөндөгөн, манжалары жана тырмактары көгөргөн, ошондой эле ал 10 күндө 8 килограмм салмагын жоготкон.

«Дене температурасынын төмөндөшү жүрөктүн, нерв системасынын жана башка органдардын нормалдуу иштөөсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн, айрыкча ачкачылык узакка созулганда», – деди адвокат.

Бишкек шаардык милициясы Темирлан Султанбековго жана бир нече партиялашына 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. Темирлан Султанбеков 14-ноябрда ачкачылык жарыялаган.

Автор: Бурханов Байэл > 24 макала