БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Адахан Мадумаров 9-февралга чейин абакта калтырылды

Адахан Мадумаров 9-февралга чейин абакта калтырылды

Сүрөт: t-media

Бүгүн, 8-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго карата козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы соттук отурум болду. Отурум жабык өттү жана ага журналисттер, саясатчынын жакындары, тарапташтары киргизилген жок. Мадумаровдун жактоочулары айыптоо актысы айтылбагандыгын, болгону иштин материалдары менен таанышуу, соттук отурумду ачык өткөрүү жана бөгөт чарасы тууралуу өтүнүчтөр каралгандыгын билдирди.

Адвокат Гуляна Убалиева Жогорку Кеңештин 75 депутаты Адахан Мадумаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирип кол коюп бергендигин билдирди. Бирок сот аны канаттандырган эмес. Мындан улам депутаттын бөгөт чарасы кийинки жылдын 9-февралына чейин узартылды.

"Жогорку Кеңештин 75 эл өкүлү Адахан мадумаровго ишенүүгө болот жана бөгөт коюу чарасын камак менен байланышпаган түрүн тандап берүү тууралуу өтүнүчүн келтиришкен. Ошондой эле ооруларынын тизмеси да келтирилген. Бирок ага карабастан бошотулган жок", -деп билдирди Убалиева.

Мадумаровдун кармалышы

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду милиция 2-сентябрда Бишкекте кармаган. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алган.

13-сентябрда Бишкек шаардык соту Мадумаровдун бөгөт чарасын жана кармоонун мыйзамдуулугун жабык карап, райондук соттун 24-октябрга чейин абакта калтырылсын деген чечимин күчүндө калтырган.

Ички иштер министрлиги саясатчыга Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда "Бийликтен аша чабуу" деген берене менен айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген. 
Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 354 статей