БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Адахан Мадумаров абактан бошотулду

Адахан Мадумаров абактан бошотулду

Сүрөт: t-media

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү, саат 12ден кийин тергөө абагынан чыкты. Саясатчы дээрлик жети айдан бери абакта отурган. 

"Т-Медианын" жерине барган кабарчысы билдиргендей, Мадумаровду тосуп алуу үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын алдына анын туугандары жана тарапташтары чогулушту. Саясатчы журналисттерге коментарий берип, ал дайыма эркиндикте болгонун айтты. Ошондой эле соттун ага карата чыгарган чечимин сынга алды.

"Мен дайыма эле эркиндикте болгом. Адамдын жүрөгү эркин болушу керек. Бардыгын өзүңөр көрдүңөр. Ийненин учуна илип аларлык дагы бир нерсе таппай коюшту. Бул кыргыз сотунун тарыхында биринчи жолу болсо керек. "Эч кандай күнөөсү жок экен. Бирок күнөөлүү деп таап берсеңиз" деп жалдырашты. Мына ушундай. Күрөш дагы бар алдыда. Бул шермендечилик",-деди Адахан Мадумаров.

 ;

25-мартта "Т-Медиага"  саясатчынын адвокаты Кубанычбек Туманов соттун чечимине ылайык саясатчы 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыгарын билдирген.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырылган. Мадумаров райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанган эмес.

Мадумаровдун кармалышы

Адахан Мадумаровду милиция былтыр 2-сентябрда Бишкекте кармаган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту саясатчыны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги ага Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси менен айып коюлганын маалымдаган. Кийин дагы бир кылмыш иши козголгону маалым болгон. Анда Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы "Бүтүн Кыргызстан" партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кине коюлган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен былтыр 22-июнда алган. Анда "Бийликтен аша чабуу" деген берене менен айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген. Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей