БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Адахан Мадумаров депутаттык мандатынан ажыратылды

Адахан Мадумаров депутаттык мандатынан ажыратылды

Сүрөт: Т- Медиа

26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду депутаттык мандатынан ажыратты. БШК мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун ѳкүмүн талкуулагандан кийин кабыл алды.

Мадумаровду мандаттан ажыратуу боюнча чечим добушка коюлуп, аны Боршайкомдун 12 мүчөсү тең колдоду. Мекеменин төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясатчы бул чечим менен макул болбосо сотко кайрылууга укугу бар экенин кошумчалады.

Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү тергөө абагынан чыкты. Саясатчы дээрлик жети айдан бери абакта отурган.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырылган. Мадумаров райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанган эмес.

Мадумаровдун кармалышы

Адахан Мадумаровду милиция былтыр 2-сентябрда Бишкекте кармаган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту саясатчыны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги ага Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси менен айып коюлганын маалымдаган. Ошондой эле дагы бир кылмыш иши козголгону маалым. Анда Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы "Бүтүн Кыргызстан" партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кине коюлган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен былтыр 22-июнда алган. Анда "Бийликтен аша чабуу" деген берене менен айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген. Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей