БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Адахан Мадумаровдун аппеляцялык арызын кароо 7-июнга жылдырылды

Адахан Мадумаровдун аппеляцялык арызын кароо 7-июнга жылдырылды

Сүрөт: t-media

3-июнда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун аппеляциялык арызын кароону 7-июнга жылдырды. Буга саясатчынын жактоочуларынын иш менен таанышып алуу үчүн убакыт сураганы негиз болгон.

Мадумаров журналисттерге кыскача коментарий берип, отурумда сотко эки жолу ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн айтты. "Бирок сот ага карабай ишти кароону улантты" деп билдирди саясатчы. 

"Биз азыр сотто төрагалык кылуучуга бир эмес, эки жолу ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алдык. Бирок ошого карабай отурат", -дейт Мадумаров. 

28-майда Бишкек шаардык соту саясатчынын  апелляциялык арызын кароону отурумга катышуучу менен сактоочу келбей калганын себеп кылып жылдырган.

6-майда Биринчи Май райондук соту Мадумаровдун Бишкек шаардык сотуна жазган апелляциялык арызын артка кайтарганы белгилүү болгон. Мындай чечим арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткендиктен кабыл алынган. 

Кийин, 22-майда Биринчи Май райондук соту ага карата райондук сотто чыккан өкүмгө каршы арыз берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча өтүнүчү канааттандырылганы маалымдалган. 

Эске салсак: үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Биринчи Май райондук соту "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырылган. 

Дээрлик жети айдан бери абакта отурган саясатчы 26-апрелге караган түнү тергөө абагынан чыккан.

Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттык мандатынан ажыраткан.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей