БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын кароо кийинкиге жылдырылды

Адахан  Мадумаровдун апелляциялык арызын кароо кийинкиге жылдырылды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

28-майда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун аппеляциялык арызын кароону 3-июнга калтырды. Бул тууралуу "Т-Медианын" соттук процессти чагылдырып жүргөн кабарчысы билдирди. 

Отурум жабык өтүп, сотко келген саясатчынын жакындары, тарапташтары, журналисттер да киргизилген жок. 

"Сот 3-июнга чейин калтырылды. Себеби соттук процесске катышуучу менен жактоочу келбей калды",-деди Мадумаров. 

6-майда Биринчи Май райондук соту Мадумаровдун Бишкек шаардык сотуна жазган апелляциялык арызын артка кайтарганы белгилүү болгон. Мындай чечим арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткендиктен кабыл алынган. 

Кийин, 22-майда Биринчи Май райондук соту Мадумаровго карата райондук сотто чыккан өкүмгө каршы арыз берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча өтүнүчү канааттандырылганы маалымдалган. 

26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду депутаттык мандатынан ажыраткан. Дээрлик жети айдан бери абакта отурган саясатчы 26-апрелге караган түнү тергөө абагынан чыккан.

Эске салсак, 26-мартта Биринчи Май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырылган. 

 

Мадумаровдун кармалышы

Адахан Мадумаровду милиция былтыр 2-сентябрда Бишкекте кармаган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту саясатчыны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги ага Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси менен айып коюлганын маалымдаган. Ошондой эле дагы бир кылмыш иши козголгону маалым. Анда Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы "Бүтүн Кыргызстан" партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кине коюлган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен былтыр 22-июнда алган. Анда "Бийликтен аша чабуу" деген берене менен айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген. Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Автор: Т-Медиа > 354 статей