БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Адамдын өнүгүү индекси: Кыргызстан 117-орунга көтөрүлдү

Адамдын өнүгүү индекси: Кыргызстан 117-орунга көтөрүлдү

Сүрөт интернеттен алынды

2022-жылга карата Адамдын өнүгүү индексинде Кыргызстан 193 мамлекеттин арасында 117-орунду ээледи. 

Индексти Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын адистери Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде аныктаган рейтинг 13-мартта расмий жарыяланды. Анда индекс ар бир өлкөнүн элинин жашоо узактыгы, билим деңгээли жана жашоо деңгээлине (Улуттук дүң кирешеси) карап түзүлөт. 

Бул рейтингде Кыргызстан 1995-жылдан баштап көтөрүлө баштаган. Бирок 2020-жылы өсүү темпи токтоп, 2021-жылдан кайра көтөрүлдү. 

Рейтингде өлкөлөр Адамдык өнүгүүнүн деңгээлине карап:

- өтө жогорку;

- жогорку;

- орточо; 

- төмөн деп беш бөлүккө бөлүнөт. 

13-мартта жарыяланган көрсөткүчтө Кыргызстан жогорку деңгээлдеги өлкөлөрдүн катарына кошулду. Бул тизмеде Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан, Түркмөнстан бар. Ал эми Казакстан эң жогорку деңгээлдеги мамлекеттердин катарында.

 

Рейтингдеги эң алдыңкы беш өлкө - Швейцария, Норвегия, Исландия, Гонконг (Кытай) жана Швеция.

2022-жылдагы көрсөткүчтө Кыргызстанда адамдын жашоо узактыгынын орточо курагы 70 жаш, мектеп же башка окуу жайларда окууга коротулган орточо убакыт 13 жыл, адам башына улуттук дүң кирешеси 4782 доллар деп көрсөтүлгөн. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей