БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жактоочу: блогер жалган жалаа жапканы үчүн 9 млн сом төлөп берсин

Жактоочу: блогер жалган жалаа жапканы үчүн 9 млн сом төлөп берсин

Сүрөт: t-media/Зыягүл Болот кызы

Жактоочу Нүргүл Имарова блогер Күмүшай Аким кызы ага социалдык тармак аркылуу жалган жалаа жаап жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу ал 19-февралда Ош шаарындагы маалымат жыйында билдирди. Имарова блогердин үстүнөн Ош облустук прокуратурасына, сотко арыз менен кайрылган. Ал "ар намысыма шек келтиргени үчүн 9 млн сом төлөп берсин" деп талап кылууда.

Адвокаттын айтымында, Күмүшай Аким кызы ал тууралуу "ТИК ТОК" социалдык тармагына бир канча видео жүктөгөн. Мындан улам Имарова өмүрүнө кол салууга чейин барган.

"Эч бир далили жок 6-февралдан баштап жалаа жапкан видеолорду бөлүшүп баштады. Мындан улам мен өзүмдүн өмүрүмө кол салууга чейин бардым".

Имарова блогердин үстүнөн бир канча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. 

"Буга чейин мен Сузактагы бир жаранга жактоочу болуп, тогуз айлык кызматым үчүн 437 миң сом алганмын. Бирок алар "800 миң сом алды" деп жалган айтып, акчаны кайтарып берүүмдү талап кылып жатышат. Күмүшай Аким кызы аларга кошулуп, мени каралоодо. Жалаа жапканы үчүн жарандык тартипте сотко кайрылдым. Ар намысыма шек келтиргени үчүн 9 млн сом төлөп берсин. Мен жөнүндө чыгарган тогуз видеосунун ар бирин 1 млн сомдон бааладык. Документимди соцтармакка чыгарганы үчүн жана "эркин журналист" деген күбөлүк менен иш кылып жүргөнү үчүн, документтердин мыйзамдуулугун текшерип берүү өтүнүчү менен Ош облустук прокуратурасына кайрылдым ", -дейт ал.

Ош шаардык милициясы Нүргүл Имарованын атынан арыз 12-февралда түшкөнүн ырастап, бирок анда М. аттуу жаранга карата жазылганын билдирди.

12 -февралда Нүргүл Имаровадан арыз келип түшкөн. Анда М. аттуу жаран кылган кызматым үчүн 437 миң сом берип, аны кайтарып алуу үчүн блогер менен коркутуп жатат деп жазылган. Ал эми арызда блогердин аты аталбаптыр".


Ал эми Күмүшай Аким кызы ага укук коргоо органдарынан эч кандай чакыруу келбегенин "Т-Медиага" билдирди. Блогер Нүргүл Имарова бир канча жаранды алдап кеткени боюнча далилдер бар экенин айтууда.

Азыр мен Нүргүл Имарованын иши боюнча Бишкекке бара жатам. Бир судьянын атын айтып, жарандардан акча алып жүргөн экен. Ошону тактап келем. Буга чейин жарандардан "ишиңди оң жагына чечип берем" деп акча алыптыр. Далилдери бар. Бүгүн прокуратурага өзүм барып далилдерди көрсөтүп келдим",- дейт Күмүшай Аким кызы.

Күмүшай Аким кызы коомчулукка блогер катары таанымал. Анын Ютуб - каналында 6 миңге жакын, ТИК ТОК баракчасында 11 миң 700 катталуучусу бар. Ал буга чейин Нүргүл Имарова боюнча бир канча видео жарыялаган.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей