БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жактоочу Ташов соттун чечимисиз 31-мекемеге которулганын билдирди
"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеге соттун чечими жок эле которулганын "Т-Медиага"анын жактоочусу Самат Матцаков билдирди.
Жактоочунун айтымына караганда, Ташовду Юстиция министрлигине караштуу №21 мекемеден таба алышкан эмес. Бүгүн, 1-ноябрда анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум белгиленген. Ишкер сотко алынып келинбегендиктен аны кароо 4-ноябрга жылдырылган.
30-октябрда Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салганын адвокаты кабарлаган. Самат Матцаковдын билдиришинче, ишкердин ичинин эки жери кескиленген. Күн мурун Имамидин Ташовдун апасы соттук отурумдан кийин баласы кыйноого кабылганын билдирген.
Мындан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети комментарий берип, ал коомчулуктун көңүлүн буруу максатында денесине өзү атайын залал келтиргенин айтып, кыйноого кабылды дегенин четке каккан. Ташов ошол күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен № 21 тергөө абагына киргизилгенин кошумчалаган.
Атайын кызмат Имамидин Ташов Казакстандан чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөн кийин, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын 22-апрелде кабарлаган. Ишкерге "бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда активдүү иш алып барган" деген айып коюлууда.
Автор: Осмонова Айдана > 797 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat