БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Адвокаттын же нотариустун лиценциясын алуу үчүн экзамендин суроолору көбөйтүлдү

Адвокаттын же нотариустун лиценциясын алуу үчүн экзамендин суроолору көбөйтүлдү

Иллюстративдик сүрөт

Юстиция министрлиги адвокаттын же нотариустун лицензиясын алуу үчүн экзамендерди өткөрүүгө киргизилген мораторийди алып, сынактын суроолорун төрт эсеге көбөйттү. Тагыраагы мурда талапкерлер 700 суроого жооп беришсе, азыр 2610 суроо коюлат. 

 

Мындан ары нотариустун лицензиясын алууда экзаменде аңгемелешүү жана практикалык тапшырма этаптары болбойт. Мурун компьютердик тест 60 суроодон туруп, отуз жана андан көбүнө туура жооп берген талапкер тестирлөөнү тапшырган болуп эсептелген. Андан кийин гана талапкер практикалык баскычка өтөт. 

Азыр эми сынак бир гана баскычтан турат. Талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өтүп, жыйынтыктоочу баасын 100% автоматтык түрдө аныктайт. Тестирлөө аталган Юстиция министрлигинин YouTube жана Facebook баракчаларында онлайн режимде көрсөтүлөт. Тест жооптору менен бирге алгач министрликтин сайтына жайгаштырылып, андагы суроолор чарчы белги менен белгиленсе, бир нече туура жооп бар экенин билдирет. Ал эми тоголок менен белгиленген суроолор бир туура жоопту камтыйт. 

Адвокат Асылбек Куңгуров суроолордун көбөйүшү талапкерлер үчүн оор экенин белгилейт. 

«2610 суроонун баарын талапкерлер түшүнүп, сиңирип жооп берүүгө мүмкүнчүлүгү болбойт.  Анткени биз өзүбүз убакыт өткөн сайын үйрөнүп жатабыз. Ал эми талапкерлер болгону бир жыл кеминде адвокатка жардамчы болуп иштегендер же башка тармактарда юридикалык кесип менен иштегендер», -дейт ал. 

Адвокаттын лицензиясын алуу үчүн экзамендер ушул жылдын 26-27-октябрына белгиленген. Ал эми нотариустар үчүн ноябрда өткөрүлөт. Сынакка документтери 2022-жылдын май жана июнь айларында кабыл алынган талапкерлер чакырылат.

Юстиция министрлиги былтыр октябрда адвокаттын же нотариустун лицензиясын алууга экзамендик жол-жоболорду жүргүзүүгө тыюу салган мораторий киргизген. 

Автор: Т-Медиа > 352 статей