БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Журналист Адыл Акжол уулуна коюлган айып өзгөртүлдү
Улуттук телерадио корпорациясынын мурдагы директорунун орун басары, журналист Адыл Акжол уулуна коюлган айып өзгөртүлдү. Бул тууралуу 4-ноябрда "Т-Медиага" Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Райондук соттун маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренеси менен тагылган айып "Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу" беренесинин экинчи бөлүгү "Чыгармада, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкканда же болбосо башкача эл алдында сүйлөөдө жеке же үй-бүлөлүк сырды мыйзамсыз пайдалануу же болбосо жайылтуу, ошого тете адамдын кызмат абалынан пайдалануу менен жасоосу" беренесине алмаштырылган. Буга лингвистикалык экспертиза анын сөзүндө массалык башаламандыкка чакырык таппаганы себеп болгон.
Анын иши Бишкектин Биринчи май райсотуна өттү. Баштапкы соттук угуу 19-ноябрга дайындалган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Адыл Акжол уулуна Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренеси менен айып таккан. Ал быйыл августта кармалып, соттун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камалган. Кийин Ош облустук ички иштер башкармалыгы сентябрь айында журналистке "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча дагы бир кылмыш ишин козгогон.
Адыл Акжол уулу 33 жашта. Ал 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2023-жылдын июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан үстүбүздөгү жылдын март айында кеткен.
Адыл Акжол уулу блогер катары да таанымал. Анын Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар.
Автор: Улукбек кызы Асем > 427 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat