БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Журналист Адыл Акжол уулу эркиндикке чыкты
Улуттук телерадио корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулу абактан бошотулду. Бул тууралуу "Т-Медиага" 9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.
Маалыматка караганда, тараптар жарашкандыктан судья бүгүн анын бөгөт чарасын өзгөртүп, тергөө абагынан бошоткон.
Адыл Акжол уулуна Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" жана "Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу" беренелери менен айып коюлган болчу.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Адыл Акжол уулуна Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренеси менен айып таккан. Ал быйыл августта кармалып, соттун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камалган. Кийин Ош облустук ички иштер башкармалыгы сентябрь айында журналистке "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча дагы бир кылмыш ишин козгогон.
Ал 33 жашта. 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2023-жылдын июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан үстүбүздөгү жылдын март айында кеткен.
Адыл Акжол уулу блогер катары да таанымал. Анын Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat