БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Адылбек Касымалиев ишкерлерге жеңилдик каралып жатканын билдирди
Министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкер Адылбек Касымалиев электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар, көзөмөл-кассалык машине, электрондук эсеп-фактурасы боюнча жеңилдетүү маселеси караларын билдирди.
Бул тууралуу ал парлементтин бүгүнкү, 18-декбардагы жыйынында талапкерлиги каралып жатканда депутат Дастан Бекешовдун суроосуна жооп берип жатып айтты.
Бекешев анда салык жактан кандай реформа болорун, жөнөкөй ишкерден ЭТТН талап кылбоого чакырган.
“Салык жактан жакшы эле реформа жакшы эле болуп жатып, тилекке каршы бир топ нараазычылктар пайда болду. Ошол эле ЭТТН ди жөнөкөй эле ишкерден талап кылбасак. Салык жактан өзгөрүүлөр болобу”,-деди ал.
Былтыр Бишкек жана Ош шаарларындагы базарлардагы соодагерлерде ККМди милдеттүү колдонууга нааразычылыгын билдирип митинге чыгышкан эле.
ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салык документи.
Автор: Осмонова Айдана > 804 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat