БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасы болду
Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасы болуп шайланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 18-декабрда кол койду.
Мурдаарак Жогорку Кеңеш Касымалиевдин талапкерлигин жактырган.
Мындан сырткары депутаттар өкмөт башчынын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиевди, экономика жана коммерция министрине Бакыт Сыдыковду дайындоону колдоп беришти.
Эске салсак, Акылбек Жапаров кызматтан кеткени 16-декбарда белгилүү болду. Президенттин маалымат кызматы ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулганын билдирди. Бирок азырынча анын кайсы кызматка барары айтыла элек.
Адылбек Касымалиев ошол эле күнү президенттин жарлыгы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу кызматына киришкен. 16-декабрда мурдагы экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев да президенттин жарылыгы менен Министрлер кабинетинин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал эми Бакыт Сыдыков экономика министринин милдеттерин аткаруучу болуп бүгүн, 18-декабрда дайындалганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
46 жаштагы Сыдыков буга чейин президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси болчу.
Автор: Осмонова Айдана > 799 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat