БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Африкада кар жаады. Бул эмнеден кабар берет?

Африкада кар жаады. Бул эмнеден кабар берет?

Сүрөт интернеттен алынды

Дүйнө жүзүндөгү тропикалык өлкөлөрдө кар жаап, ал эми түбөлүктүү мөңгү баскан бийик тоолуу мамлекеттерде ысык аба ырайы орун алып жаткандыгы канчалык коркунучтуу? Климаттын өзгөрүшүнөн улам жаралган коркунучтарга даярбызбы?

Быйыл Түштүк Африкада кар жаап, ички жолдор жабылганга чейин барды. Муну эмне үчүн баары таң калуу менен кабыл алып жатканын түшүндүңүзбү? Негизи ал өлкөдө кыш мезгили июндан августка чейин болуп, бирок кар эмес жаан жаап, салкын темпуратура кармалып турчу. Жергиликтүү басылмалар буга чейин 10 жыл мурун да кар жааганын жазып жатат. Бирок анда мынчалык калың түшкөн эмес. Былтыр да Йоханнесбург шаарында жеңил гана жаап өткөн. Быйыл болсо суук күчөп, кардын көлөмү 2 метрге жеткен. Мындайча айтканда жылдан жылга жылуу чөлкөмдү суук каптай баштады. 

Мындай көрүнүштөр дүйнөнүн ар кайсы тарабында байкалып жатат. Мисалы, Түштүк Азиядагы Непалда эки күн тынбай нөшөрлөгөн жаан жаап, суу ташкындаган. Кырсыкта 170ден ашык киши каза болду. Мындай жаан Непалда 20 жылдан бери жааган эмес. 

Борбордук жана Чыгыш Европа дагы суу каптоо менен күрөшүп жатат. Чехия, Австрия, Венгрия, Румыния жана Словакия өлкөлөрүндө нөшөрлөгөн жаандан кийин бороон болуп, миңдеген адам үй-жайсыз калды. 

Мындай табигый кырсыктар жөндөн-жөн болуп жаткан жок. Экологдор мунун баарына климаттын өзгөрүп жатканы себеп экенин кулак кагып келишет. 

"Эсиңердеби жаздан бери Орусияда, Казакстанда суу каптоо болду. Тоолуу өлкөлөрдө сел жүрдү, жер көчкүлөр. Мен айтат элем температура дуйнөлүк деңгээлде өйдөлөп барат. Антарктида жана Артикада, түштүк уюлдардын муздары ээрип  деңиздин керек болсо деңгээлин көтөрүп жатат. Деңизден бууланган булуттар жаан-чачынды пайда кылып, планетанын үстү боюнча ар кандай бөлүнүп. Мезгил-мезгили менен. Себеби деген жердин айлануусу күнгө карап. Мына азыр Африкага суук аба массалары жетип барып жатат",-
дейт эколог, геоэкология боюнча адис Абжапар Аккулов.

Климаттын өзгөрүшүнүн таасирин Борбор Азия анын ичинде Кыргызстан дагы көрүп жатабыз. Коңшу өлкөлөрдө суу тартыш болуп, эгиндери кургап кеткени, биздин өлкөдө болсо жайы менен сел жүргөнүнө күбө болдук. Мунун баары күтүүсүз кырсыктар эмес. Адистер, окумуштуулар ар кандай кыйроого даяр болуп, анын зыянын азайтууга адаптация болуш керек экенин эскертип эле келишет. Азыр жаан-чачынды көрүп, алдыда кургакчылык болот дегенге ишенбешиңиз мүмкүн. Бирок эколог Борбор Азия өлкөлөрү кургакчылыкка чогуу даярданышы керектигин айтууда. 

"Тоолордун кургакчыл болгону бул абдан коркунучтуу деп эле айткым келет. Биринчи кезекте мөнгүлөр ээрип, суунун тартыштыгын пайда кылат. Амазонкада тропиктик токойлор планетанын өпкөсү катары таанылат. Евразиянын континентинде Орусиянын Сибирь токойлору, түштүктө Индияныны токтойлору, Кытайда. Мына ушул токтойлордун бүгүнкү абалыда жакшы болбой жатпайбы. Ал эми Борбор Азияда, Кыргызстандын тегерегинде бүтүндөй чөлдөр каптап турат. Памир тоо чөлдөрү, Кытай, Монголия тарабдагы чөлдөр, Казакстан тараптан улуу талаалар, кызыл кум, кара кумдун ортосунда Кыргызстан уникалдуу бир тооолуу өлкөбүз да. Демек, региондогу башка өлкөлөр да Кыргызстанда климаттын туруктулугуна аракет кылып, саясат жүргүзүш кере".

Биз бул материалда климаттын өзгөрүп жатканы, табигый кырсыктардын баары анын кесепеттери экенин түшүндүрө алдык деп үмүт кылабыз. Мындай өзгөрүүлөр адамдар өзүбүз, токойлорду кыйып, өндүрүштөн улам абаны булгап, жашылдандырууга көңүл бурбай жайыттарга чейин деградация кылган өңдүү аракеттерибиздин эле натыйжасы болуп жатат. Азыр дүйнө жүзү анын ичинде Кыргызстан да климаттын өзгөрүүсүнө эң көп себеп болгон парник газдарын азайтууга жана алдыдагы жаңы шарттарга ыңгайлашууга аракет кылып жаткан чак. Ал үчүн Париж келишими өңдүү конвенцияларга да кошулган.

 

Автор: Асилбек Тагайбек уулу

Автор: Улукбек кызы Асем > 418 макала