БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аида Исатбек кызы Байсаловго чара көрүүнү талап кылды

Аида Исатбек кызы Байсаловго чара көрүүнү талап кылды

Сүрөт: "24.kg"

Жогорку Кеңештин 6-декабрдагы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго чара көрүүнү талап кылды.

 

Депутаттын айтымында, Социалдык саясат комитетинде жөлөк пулдар боюнча маселе каралып жатканда Байсалов "менин буга тиешем жок" деп залдан чыгып кеткен. Исатбек кызы мындай мамилени Жогорку Кеңешти сыйлабай абройуна шек келтирип жатат деп эсептейт. 

"Мамлекеттик кызматкерлердин этикасын сактанбастан, депутаттар менен айтышып, парламенттин аброюна шек келтирип жатат. Министрлер кабинети менен парламенттин ортосундагы карама-каршы иштерди токтотуу максатында бул кишинин ишин Жогорку Кеңеште кароону сунуштайм", -деди ал.

 Спикер Нурланбек Шакиев  Байсаловдун жүрүм-туруму боюнча сөзсүз чара көрүлөрүн айтты. 

 "Өткөн жолкуда акыркы эскертүү менен кечирим сураган. Эми ар ким өзүнүн жүрүш-турушуна, мүнөзүнө жараша жоопкер болот", -деди Шакиев

Эске салсак: Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 4-декабрдагы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы менен Эдил Байсалов айтыша кеткен. Анда эл өкүлү Каракол шаарындагы оорукананын дарыгерлери жана ординаторлору ага айлыгы аз экенин айтып даттанганын билдирген. Буга байланыштуу ал дарыгерлер качан айлык аларын Байсаловдон сураган. 

Байсалов буга чейин  парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сураган.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей