БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Air Canada учагы дагы аварияга кабылып, борттогу жүргүнчүнүн баары куткарылды

Air Canada учагы дагы аварияга кабылып, борттогу жүргүнчүнүн баары куткарылды

Сүрөт: 59.ru/

Канаданын Галифакс шаарында Air Canada Express учагы конуу учурунда аварияга кабылды. Борттогу 73 жүргүнчү аман-эсен эвакуацияланганын чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, кырсык 28-декабрда Air Canada Express авиакомпаниясынын рейси Галифакска конуу учурунда болгон. Учактын сол шассисинин бузулушунан улам учак сол жакка ооп, канаты сүрүлүп, өрт чыккан. 

Жүргүнчүлөр эвакуацияланып, олуттуу жаракат алган учурлар катталган эмес. Галифакс аэропорту кырсыктан кийин убактылуу жабылып, эки сааттан соң кайрадан ишин жанданткан.

Соңку күндөрү дүйнө жүзүндө учак кырсыктарынын саны өсүүдө. 25-декабрда Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы да Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулаган. Анда жалпы 67 адамдын 38и набыт болгон. Кийин учак Орусиянын Куралдуу "Панцирь" деп аталган ракетасынын соккусунан жабыркаганы кабарланган.

Бүгүн, 29-декабрдын таңында Таиланддан Түштүк Кореяга учуп келе жаткан учак кыйроого учурады. Учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгону кабарланууда. Айрым дүйнөлүк ЖМКлар кырсыктан эки адам гана тирүү калганын жазышууда.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала