БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшөт

Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшөт

Сүрөт: интернеттен алынды

Көңүл жубатуучу беттешке чыккан Айаал Лазарев канадалык Амарвир Десини жеңди. Спортчу бүгүн коло байге үчүн  түркиялык Таха Акгүл менен килемге чыгат.

9-августа күнү спротчу Лазарев алгачкы беттешинде ирандык балбан Амир Хоссейин Зареге 5:0 эсебинде жеңилип калган. Хоссейин Заре финалга чыккан соң, Лазаревге көңүл жубатуучу беттешке чыгууга жол ачылган.  

Айаал Лазарев 38 жашта. Спорттук карьерасында бир канча мелдештерге катышып, жеңүүчү аталган. Ал Олимпиада оюндарына ушуну менен үчүнчү ирет катышып жатат.  

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 статей