БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Сүрөт интернеттен алынды

Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров 26-декабрда кол койду.

51 жаштагы Молдогазиев бул кызматка чеиймн тышкы иштер министринин орун басары кызматында иштеген. Бул кызматты ал 2022-жылдын февралынан бери аркалап келген.

Айбек Молдогазиев 1995-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Ал эмгек жолун ТИМдин Келишимдик-укуктук департаментинин атташеси катары баштаган. Андан кийин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүндө 1-катчы, ТИМдин Эл аралык-укуктук департаментинин жетекчиси, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Ошондой эле аталган министрликтин бир нече департаменттерин жетектеген.

Буга чейин Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев болгон. Аны президент 25-октябрда кызматтан бошоткон. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала