БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Осмонов менен Атазов акы төлөнбөгөн өргүүгө чыкканы айтылды

Осмонов менен Атазов акы төлөнбөгөн өргүүгө чыкканы айтылды

Сүрөттө Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазов

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутаттар Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазов акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгып кеткенин 28-ф евралда кабарлады. Маалыматка караганда, Осмонов үй-бүлөлүк шартына байланыштуу арыз жазган. Ал эми Атазов ден соолугунан улам эс алуу суранган.  

Жергиликтүү басылмалар аталган депутаттар Райымбек Матраимовго байланышкан иштен улам чет өлкөгө чыгып кетишкенин жеке булактарына таянып жазышууда.

Буга чейин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген парламент депутаттары Нурлан Ражабалиев, Абдыбахаб Боронбаев жана бир тууган агасы Искендер Матраимов мандатын тапшырган. Борбордук шайлоо комиссиясы аларды мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратууга өздөрү арыз бергенин маалымдаган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей