БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Деутат министр Ниязбековдун отставкасын талап кылды

Деутат министр Ниязбековдун отставкасын талап кылды

Сүрөт интернеттен алынды/ Айгул Айдарова

Жогорку Кеңештин 18-апрелдеги жалпы жыйынында депутат Айгүл Айдарова ички иштер министри Улан Ниязбековду отставкасын талап кылды. Ал ичики иштер органдарында башаламандык көбөйүп кеткенин айтып, Башкы прокуратура менен УКМКны көңүл бурууга чакырды.

"Биздин милиция мамлекеттин жүзү болбой калды. Бизге жакшы башкаруучу керек. Министрдин кызматта отурганга моралдык укугу жок. Кызматкерлери менен иштебей жатат, кечке бизнес менен убара. Урматтуу, президент Садыр Нургожоевич, ушул кишинин ордун карап коюңузчу", - деди Айдарова. 

Парламенттин 17-апрелиндеги жыйынында депутат Исхак Масалиев да Улан Ниязбековдун башаламандык уюштурууга шектелип кармалган 11 журналист боюнча маек берип, алардын иши боюнча баа бергенин сындаган. 

Улан Ниязбеков 2020-жылы октябрь окуясынан кийин ички иштер министри болуп дайындалган. Ал 1998-жылдан бери укук коргоо тармагында эмгектенип келет. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 324 статей