БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Айгүл-Тоо ботаникалык коругуна гүл уруктары себилди

Айгүл-Тоо ботаникалык коругуна гүл уруктары себилди

Сүрөт: интернеттен алынды

23-ноябрь күнү Баткен облусундагы Айгүл-Тоо коругуна Айгүл гүлүн сактап калуу, көбөйтүү максатында уруктары себилди. Бул тууралуу "Т-Медиага" коруктун директору Бахтыяр Козубаев билдирди.


Маалыматка ылайык, сейрек кездешүүчү гүлдүн эки килограмм уругу 30 сотых жерге себилди. Муну "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду сунуштаган.

"Айгүл гүлү жылдан-жылга тебеленип, азайып баратат. Мындан улам 2023-жылдын 1-апрелинде мораторий киргизилген. Жарандардын корукка чыгып көрүүсүнө тыюу салынган. Ошол себептүү гүлдү көбөйтүү максатында уруктар себилди"-дейт Бахтыяр Козубаев.

Ал үч жыл ичинде гүлдү көбөйтүү боюнча иш алып барыларын айтты. Мындан сырткары туристтерге гүлгө жакындабай, понарама аркылуу көрүү шарты түзүлөрүн кошумчалады.

"Туристерди тартуу үчүн Айгүл-Тоого скважина чыгарып, гүлдү тамчылатып сугаралы деп жатабыз. Бул биринчи нымдуулукту сактайт. Экинчиден гүлдүн өсүшүнө жакшы шарт түзөт. Мындан сырткары туристтердин гүлгө жакындабай, понарамадан эле көрүп кете турган кылабыз. Алдыдагы үч жылда аткарабыз деген ой бар. Учурда баштапкы иштери башталып, болжолду 11 млн сомго жакын каражат сарпталат экен. Баткен өнүктүрүү фондунан 4,5 млн сомго жакын акча бөлүнүп жатат"- дейт.

Айгүл-Тоо ботаникалык коругу 260 гектардан ашуун аянтты ээлейт. Аталган гүл сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн катарына кошулуп, 2004-жылы Кыргызстандын кызыл китебине кирген.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей