БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Айпери Медет кызы коло үчүн күрөштө жеңилип калды

Айпери Медет кызы коло үчүн күрөштө жеңилип калды

Сүрөт: интернеттен алынды

Айпери Медет кызы коло медаль үчүн болгон беттеште кубалык каршылашына утулуп калды. Балбан кыз 6:0 эсеби менен жеңилди.

Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасында 76 кг салмакта килемге чыкты. Ал мелдештин 1/8 бөлүгүндө кытайлык Ван Цзюанды 4:1 эсеби менен, чейрек финалда индиялык Ритиканы 1:1 эсеби менен утуп, жарым финалга чыккан эле. Жарым финалда жеңилип, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган болчу.

25 жаштагы кыргыз балбаны жаштар арасында, чоңдор арасында Азия чемпионатында алтын, күмүш медаль тагынган. 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасында дүйнө чемпиону болгон. Мындан сырткары бир канча эл аралык беттештерде байгелүү орундарга жеткен.

Кыргызстандан барган 16 спортчу Олимп оюндарында өлкө намысын коргоду. Өлкө куржунунда 2 күмүш, 4 коло медаль бар. Муну менен Кыргызстан Олимпиаданы 91 өлкөнүн ичинен 68-орунда аяктады. Ал эми күрөш боюнча улуттук курама топ-5 өлкөнүн катарына кирди.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 статей