БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Айсулуу Тыныбекова Аялдар күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти болуп шайланды

Айсулуу Тыныбекова Аялдар күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти болуп шайланды

Айсулуу Тыныбекова

Мындай чечим федерациянын 21-октябрдагы кезексиз шайлоо жыйынында кабыл алынган. 

Жыйынга уюмдун мүчөлөрү, күрөш боюнча улуттук курама команданын машыктыруучулары жана калыстар тобу катышкан. Жыйынтыгында Тыныбекова вице-президенттикке шайланган.

Федерациянын вице-президенти кызматын 2014-жылдан бери Динара Исаева аркалап келген.

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Дүйнөнүн үч жолку жана Азиянын алты жолку чемпиону. Дүйнө кубогунун, ар кандай эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Олимпиада оюндарынын (2020) күмүш (2024) коло байгесинин ээси. Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери.

Автор: Улукбек кызы Асем > 353 статей