БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн мыкты балбаны аталды

Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн мыкты балбаны аталды

Сүрөт: Бириккен күрөш дүйнөсү

Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды. Маалыматты аталган уюм жарыялады.

 

Аталган уюм (UWW) 2023-жылы кыргыз спортчусу дүйнөлүк рейтингдин туу чокусуна чыгып, теңдешкис 95,575 упай чогултканын жазган. 

Айсулуу Тыныбекова быйыл Азия, дүйнө чемпиондугун багындырып, Венгрия менен Египеттеги рейтингдик турнирлерди утту. Ал быйылкы жылды Азия оюндарынан коло медаль тагынуу менен жыйынтыктады.

Балбан кыз дүйнө чемпионатынан Кыргызстанга биринчи алтынды утуп тарых жаратса, быйыл үчүнчү ирет алтын тагынып өлкө тарыхын жаңылады.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, дагы көптөгөн эл аралык меледшердин баш байгесин алган, Токиодогу Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей