БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күч сынашат

Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күч сынашат

Сүрөт: "AKИpress"

Айсулуу Тыныбекова Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн финалга чыкпай калды. Эми коло байге үчүн күч сынашат. 

Тыныбекова жарым финалдык беттеште украиналык атаандашына 9:2 эсебинде жеңилди. Коло үчүн 11-августта беттеш өткөрөт. Азырынча анын атаандашы аныктала элек. 

Кыргыз балбаны кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта күч сынап жатат. Ал алгачкы беттешинде нигериялык Эстер Колаволени 5:1 эсебинде, чейрек финалда америкалык Кайла Мираклды 6:6 эсебинде уткан. 

Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Токиодогу Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси.

Учурда Парижде Олимпиада оюндары өтүүдө. Ал 11-августта аяктайт. Мелдештерге Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. Азыр өлкөнүн куржунунда төрт медаль бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазаровада күмүш байге, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынды. 

9-августка караган түнү боксчу Мунарбек Сейитбек уулу финалга өткөн. 11-августта ал алтын медаль үчүн беттешке чыгат. Эркин күрөш боюнча Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн беттешкени турат.

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей