БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу кармалды

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу кармалды

Сүрөт: Башкы прокуратуранын сайтынан алынды

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу Н.Т кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Маалыматты "Т-Медиага" Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Шектүүгө Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен айып коюлган. Эми сот анын бөгөт чарасын аныктайт.

 

Айтурган Маматкулованын өлүмү

Коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнү Башкы прокуратура өз көзөмөлүнө алган. Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Башкы көзөмөл органы анын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилерин маалымдаган. 

Келиндин өлүмүнө байланыштуу Октбярь райондук ички иштер бөлүмү 12-июлда кылмыш ишин козгогон. 

25 жаштагы Айтурган Маматкулова Оштун тургуну. Бир жыл мурда классташына турмушка чыгып, Бишкекте жашап жүрүшкөн. Быйыл 7-июлга караган түнү Бишкектеги №4 клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон. Кайын журту ал дары ичип алып ооруканага түшкөнүн айтышкан. Бирок маркумдун жакындары ал өз өмүрүн кыйды дегенге ишенбей жатышат. Айтургандын апасы кызынын денесинде ур-токмоктон калган издер бар экенин айтып, күйөө баласынан шек саноодо.

Автор: Т-Медиа > 354 статей