БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Айыл чарба министрлиги эттин дүң баасы турукташа баштаганын билдирди

Айыл чарба министрлиги эттин дүң баасы турукташа баштаганын билдирди

Сүрөт: "Т-Медиа" /Айдана Осмонова

Бул тууралуу 16-сентябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, баанын кескин өсүшүнө Ветеринардык кызмат чара көргөн.

Кыргызстанда соңку бир айда эттин баасы көтөрүлүп, буга эл нааразы болгон. Борбор калаа Бишкекте эттин баасы 100 сомго чейин көтөрүлгөнү байкалган. Ал эми Ош шаарында мал этинин бир килограммы 580-600 сомдон, кой эти 600-620 сомдон сатылууда. Мурда экөө тең жыйырма сомго арзан сатылып келген. Сатуучулар буга себеп катары өлкөдө малдын жоктугун айтышкан. 

7-сентябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жай министрлиги ири мүйүздүү малды, жылкыны жана майда жандыктарды экспорттоо убактылуу токтотулганын кабарлады. Бирок мындай чечим эттин баасын турукташтырууга эмес, мал-койдун так санын эсептөө иштерине байланыштуу кабыл алынган.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей