БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
«Айымдардын саясат, бизнес, илимге катышуусун колдоо зарыл». Президенттин куттуктоосу
Президент Садыр Жапаров аялдарды майрамы менен куттуктап, алардын лидерлигин колдоо боюнча жарлыкка кол койгонун кабарлады. Куттукттоо бүгүн, 8-мартта өлкө башчынын сайтына жарыяланды.
"Адамзаттын жашоо-турмушундагы бардык окуялар аялзаты менен тыгыз байланыштуу. Мына ошондуктан, тээ илгертен эле элибизде аялзаты үй-бүлөлүк очоктун сакчысы катары терең сый-урматка эгедер. Ага жараша кыргыз аялдары дагы ыйман менен адамдык касиетти бийик көкөлөтүп, абийири менен жамы журттун ар-намысын сактап келген. Айымдардын саясатка, бизнеске, илимге жана башка тармактарга катышуусун ар тараптан колдоо жана өнүктүрүү зарыл", - деген Жапаров.
1975-жылдан бери Аялдардын эл аралык майрамы 8-мартта белгиленип келет. Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен расмий макамга ээ болгон.
Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat