БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Айыпталуучуларга электрондук билерик тагуу бөгөт чарасы колдонула баштады

Айыпталуучуларга электрондук билерик тагуу бөгөт чарасы колдонула баштады

Сүрөт: Юстиция министрлиги

Октябрь жана Биринчи Май райондук соту айыпталуучулардын баш коргоо чарасын электрондук билерик тагууга өзгөртүп, аларды Бишкектин №1  тергөө абагынан чыгарды. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, пробация департаментинин көчмө тобу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте биринчи жолу электрондук билерикти тагуу процедурасын жүргүзүшкөн. Ошондой эле билерикти колдонуунун эрежелери, аппаратты бузуу, жабдууларды жок кылуунун кесепеттери тууралуу айыпталуучуларга түшүндүрүшкөн. 

Эске салсак, ушул жылдын февраль айында "Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам күчүнө кирген. Анда электрондук жана башка техникалык көзөмөлдөө каражаттарын (электрондук билерик) пайдалануу аркылуу шектүүлөр аралыктан көзөмөлдөнүп турары жазылган. 

28-майдан тарта Пробация департаменти Ички иштер министрлиги менен биргеликте жаңы бөгөт коюу чарасы катары "Электрондук байкоо"пилоттук долбоорун ишке киргизген. Электрондук билерикти биринчи жолу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү кылмышка шектүүгө колдонгон.

Электрондук билерик өзгөчө оор кылмыштарга, ошондой эле зомбулук көрсөтүүгө айыпталган адамдарга карата колдонулбайт.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей