БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ак алтындын баасы быйыл 15 сомго арзан

Ак алтындын баасы быйыл 15 сомго арзан

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун тургуну Акмаль Ташматов үч жылдан бери пахта эгип дыйканчылык кылат. Ал ак алтынды өстүрүү үчүн апрель айынан тартып ноябрга чейин эмгектенет. Бирок дыйкан быйыл ак алтындын баасы былтыркыга салыштырмалуу арзан экенин, кеткен чыгымын да актабай турганын айтууда. 

 

Ташматов былтыр пахтанын килограммын 75 сомдон саткан болсо, быйыл 15 сомго арзан дейт.

 

"Быйыл 60 сом деп жатышат. Бул кеткен чыгымын да актабайт, зыянга учурайбыз. Негизи 80 сомдон болсо дагы биз зыяндабыз", -дейт дыйкан. 

 

Пахтаны иштеп чыгаруучу заводдор баанын төмөндөшүн көзөмөлдөй албай тургандарын билдиришти. Кара-Суу аймагындагы пахта заводдорун көзөмөлдөгөн айыл-чарба департаментине жооп алууга мүмкүн болгон жок. Мекеменин кызматкерлери муну жетекчи иш сапарда жүргөнү менен түшүндүрдү. 

 

Райондун акими Жакыпбек Субагожоев болсо пахта заводдун жетекчилери менен жолугуп, учурда рыноктогу бааны күтүп жатканын айтты. 

 

"Кара-Сууда бизге тешелүү беш пахта завод бар. Мен алардын жетекчилери менен жолугуп толук маалымат алдым. Учурда брижадагы баа тактала элек. Ошондуктан күтө туралы дедим", -дейт ал. 

 

Өткөн жылы бир гектар жерден беш тонна түшүм алган дыйкандар быйыл эки тоннага аз алышкан. Алдыда баа айтылган нарктан дагы түшсө, быйыл пахтаны сатыка алып чыкпай туруу пландалууда.

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей